Футзал боюнча кураманын Азия кубогундагы тайпалаш атаандаштары Куала-Лумпурдагы чүчү кулакта аныкталат

Кыргызстандын футзал боюнча курама командасынын Азия кубогундагы тайпалаш атаандаштары аныкталат. Бул тууралуу кыргыз футболдук союзу кабарлады.

2024-жылы өтө турган футзал боюнча Азия кубогунун тайпа курамдарын аныктоо үчүн чүчү кулак кармоо 14-декабрда Куала-Лумпурда орун алат.

Буга чейин өткөн 2022-жылкы Азиялык биринчиликтин финалдык жана тандап алуу этаптардын жыйынтыгындагы рейтингке ылайык, 16 команда 4 себетке бөлүндү.

Кыргызстандын курамасы төртүнчү себетте жайгашты.

1) Таиланд, Япония, Иран, Өзбекстан;

2) Тажикстан, Кувейт, Вьетнам, Сауд Арабия;

3) Ирак, Бахрейн, Түштүк Корея, Мьянма.;

4) Ооганстан, Кыргызстан, Австралия, Кытай.

Футзал боюнча Азия кубогу 2024-жылы 17-28-апрель күндөрү Таиландда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан