Караколдо изделип жаткан өспүрүмдүн жансыз денеси чуңкурдан табылды

Каракол шаарында стадиондун аймагынан 13 жаштагы өспүрүмдүн жансыз денеси табылды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 31-октябрда Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.

Маалыматка караганда, 30-октябрда саат 12:30 чамасында Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү тургун кайрылып, 13 жаштагы бала эртең менен мектепке кетип, кийин үйүнө келбей калганын билдирген.

Бул билдирүү Каракол ШИИБнин электрондук маалымат журналына катталып, дайынсыз жоголгон жашы жете элек баланы издөө иштери башталган.

"Кийинчерээк жергиликтүү тургундардан шаардык стадиондун жанындагы 4 метр тереңдиктеги чуңкурдан жашы жете элек баланын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Маалым болгондой, маркум дайынсыз болуп издөөдө жүргөн жашы жете элек өспүрүм экени такталган", - деп айтылат маалыматта.

Бул факты Каракол ШИИБге катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Учурда өспүрүмдүн өлүмүнүн себептерин жана жагдайларын аныктоо боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан