Биз социалдык тармакта

Социалдык фонд интернетте тараган маалымат боюнча түшүндүрмө берди

Социалдык фонд Интернетте “1-декабрга чейин Социалдык фондуна пенсиялык китепче жана паспорттун көчүрмөсүн тапшыруу зарыл, болбосо 1-январдан тартып пенсия төлөө токтотулат” деген маалымат боюнча жооп берди.

Маалыматка ылайык, Социалдык фонд бул жалган маалымат экендигин билдирет.

"Пенсия тууралуу бардык актуалдуу маалыматтар Социалдык фонддун расмий сайтында жана социалдык тармактарында жарыяланат. Сураныч, жарандарга туура эмес маалымат бербеңиздер. Бардык расмий билдирүүлөр биздин расмий платформаларда жеткиликтүү", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Социалдык фонд жалган маалыматтарды таратпоону жана так маалымат алуу үчүн алар менен байланышууну өтүнөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан