Бүгүн, 30-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улукбек Карыбек уулу мектепрде ата-энелерден көмүскө акча чогултуулар болуп жатканын айтты.
"Ата-энелердин WhatsApp тайпаларында ызы-чуулар болууда. Оңдоп-түзөө иштерине, техикалык кызматкердин айлык акысына, борго, самынга, тазалыкка акча чогулткула дешүүдө. Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, билим берүу тармагында 2,5 миллиард сом ушундай көмүскө акча чогултуулар болот экен.
Президенттин ата-энелерден акча чогултууга тыюу салган жарылыгы чыккан. Бирок ал жарлыкты ишке ашыра турчу министрлер чабал болуп жатышат. Тазалыкка болгону 175 миллион сом бөлүнөт экен", - деди эл өкүлү.
Карыбек уулу мектептердин тазалыгына бөлүнө турчу акча каражатын кайра карап чыгууну сунуштады. Ошондой эле депутат мектептердеги техникалык кызматкерлердин санын көбөйтүүнү жана алардын маянасын көтөрүү керектигин кошумчалады.