Кыргызстандын Беларустагы элчиси кызматынан бошотулду

Бүгүн, 31-октябрда Кыргызстандын Беларустагы элчиси Ибраимов Эрмек Султанович ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Эскерте кетсек, Ибраимов Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин уставдык органдарындагы Туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлү жана Кыргызстандын Латвия жана Эстониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси кызматтарын айкальштырып келген.

Ал бул кызматты 2019-жылдан бери аркалап келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан