Эрбол Султанбаев Кыргызстандын Беларустагы Элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Анда Эрбол Султанбаев Кыргызстандын Беларустагы атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси жана ишти айкалыштыруу боюнча Кыргызстандын Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин уставдык органдарындагы Туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.