Азамат Кадыралиев президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Буга чейин бул кызматты бүгүн, 31-октябрда Бишкектин мэри болуп дайындалган Айбек Жунушалиев аркалап келген.