Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы болгон Аскат Алагозовдун өмүр баяны

Бүгүн, 31-октябрда президенттин басма сөз кызматчысы алмашты. Тагыраагы Эрбол Султанбаевдин ордуна Аскат Алагозов келди.

Мындан улам президентке басма сөз катчы болуп дайындалган Аскат Алагозовдун өмүр баянын карап көрдүк.

Туулган жылы: 1984-жылы 18-июнь;

Билими 1992-2001 – Бишкек шаарындагы № 50 орто мектеп;

2001-2006 – И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, Мамлекеттик тил жана маданият институту (кыргыз тили жана адабияты мугалими адистиги);

2011-2014 КР Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясы. Мамлекеттик башкаруу департаменти мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу адистиги – менеджмент (магистр, диссертациялык иштин темасы: “КРда мамлекеттик саясатты ишке ашырууда ЖМК ролу”);

Кыргыз жана орус тилинде эркин сүйлөйт;

Кесиптик тажрыйбасы:

03.2006-07.2006 - И. Арабаев атындагы КМУ пресс-кызматы, референт;

07.2006-12.2007 УТРК радиосунун “Кабарлар” жаңылыктар редакциясынын кабарчысы;

02.2008 - 09.2012 “5-канал” ЖАК репортер, журналист-баяндамачы, атайын кабарчы, берүүлөрдүн алып баруучусу;

09.2012 - 03. 2016 “5-канал” ЖАК түз эфир продюсери;

(Телеканалдын “Күндеми” жана башка мамлекеттик тилдеги долбоорлорун кароо. Жаңылыктарга чыга турган материалдардын тексттерин текшерүү, ошондой эле аларды даярдоо, учурдагы маалымат талаасын талдоо жана редакциялык саясатка ылайык эфирге тандоо);

01.03.2016 - 18.12.2017 “Медиа Холдинг “Пирамида” ЖЧК башкы директорунун орун басары;

18.12.2017 - 02.08.2018 “Медиа Холдинг “Пирамида” ЖЧК башкы директору;

02.12.2018 - 01.10.2020 КР Президентинин Аппаратында штаттан тышкаркы эксперт;

16.08.2021 - 30.10.2022 КР Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын эксперти;

30.10.2022 Президенттик Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчисинин орун басары;

Аскердик наамы - запастагы лейтенант;

Кошумча: 2022-жылдын ноябрынан тартып “Мир” МТРКнын Координациялык кеңешинин мүчөсү;

2023-жылдын июнунан тартып “Мир” МТРКда КРнын ыйгарым укуктуу өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан