Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Мекемеден билдиришкендей, жаңы дайындалган калаа башчы Айбек Жунушалиевди мэриянын жалпы жамаатына Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тааныштырды.
Белгилей кетсек, кечээ, 1-ноябрда президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, мурдагы калаа башчы Эмилбек Абдыкадыров башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Бишкек шаарынын мэри кызматынан бошотулган. Ага ылайык, президент Садыр Жапаровдун башка Жарлыгы менен Айбек Жунушалиев Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалган.