Бүгүн, 1-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында аутизм, Даун синдрому жана Церебралдык шал оорусуна чалдыккан балдардын көйгөйлөрүн иликтөө жана бул жааттагы мыйзамдарда каралган укуктарын сактоо боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү.
Комиссия түзүүнү "Альянс" фракциясы демилгеледи.
Комиссиянын курамына депутаттар
- Марлен Маматалиев ("Ынтымак" фракциясы);
- Жылдыз Таалайбек кызы ("Ишеним" фракциясы);
- Винера Раимбачаева ("Ыйман Нуру" фракциясы)
- Эмил Жамгырчиев ("Альянс" фракциясы);
- Айбек Алтынбеков ("Мекенчил" депутаттык тобу);
- Айгүл Айдарова ("Бүтүн Кыргызстан" фракциясы);
- Дастан Бекешев (Октябрь бир мандаттуу окргунан депутат);
- Максатбек Сарбагышев ("Элдик" депутаттык тобу);
- Жылдыз Садырбаева ("Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы).