Кыргызстандан Палестинага алгачкы гуманитардык жардам жеткирилди (видео)

Кыргызстандан Палестинага (Газа тилкеси) биринчи гуманитардык жардам жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда Умма журналынын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.

Умма журналы бир апта мурда кыргызстандыктардан палестин элине гуманитардык жардам жөнөтүү үчүн каражат чогулта баштаган.

"Кыйынчылыктын жана бомбалоонун очогунда калган Газа тилкесине Кыргызстандан жиберилген мээрим жана жакшылык чыныгы муктаж ээлерине жетти. Эң кубанычтуу жери, сиздердин чын жүрөктөн чогултуп берген жардамыңыздардын биринчи бөлүгү келип түштү. 666 үй-жайсыз жана согуштан жапа чеккен үй-бүлө сиздердин колдооңуздарга ээ болду", - деп жазылат анда.

Белгилей кетсек, 19-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары да бир күндүк маянасын Палестина элине жардам катары которушкан. Бирок ал каражат жардам катары качан жана кандай жол менен жеткирилери айтыла элек.

Израиль менен Палестинанын ортосундагы согуш 7-октябрдан бери уланууда. Израил ХАМАСтын чабуулунан 1300дөн ашуун адамы өлгөнүн кабарлаган.

Ал эми Израилдин бомбалоосунан шейит болгон палестиналыктардын саны 8 525ке жетти. 21 миңден ашык адам жаракат алып, 2 миңи дайынсыз жоголду.

БУУ жана дүйнөнүн бир нече өлкөсү Израиль бийлигинин аракеттерин кескин айыптоодо.

Видео: Умма
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан