"Түрк мамлекеттер уюмунун саммитине катышат". Садыр Жапаров Астана шаарына иш сапары менен барат

Президент Садыр Жапаров 2-3-ноябрда Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммитинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Казакстандын Астана шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Саммиттин темасы "TURKTIME" (Traditions-салттар, Unification-биригүү, Reforms-реформалар, Knowledge-билим, Trust-ишеним, Investments-инвестициялар жана Mutual Energy-өз ара энергия) болот.

Анда өлкө лидерлери Уюмдун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашат, көп тараптуу кызматташтыктын негизги багыттарын камтыган Астана актысын жана саммиттин жыйынтыктоочу декларациясын кабыл алышат.

Иш-чаранын алкагында өзгөчө кырдаалдар, метрология жаатындагы көп тараптуу документтерге кол коюу, ТМУ Транспорттук байланыш программасын ишке ашыруу боюнча биргелешкен иш-аракеттер планы, Түрк мамлекеттер уюмунда жана Түрк маданияты жана мурасы фондунда бир катар кадрдык чечимдерди кабыл алуу, ошондой эле 6-февралды "ТМУ алкагында кырсыктардын жана тилектештиктин курмандыктарын эскерүү күнү" деп жарыялоо тууралуу чечим кабыл алынат.

"Саммиттин ишине уюмга мүчө мамлекеттердин – Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын мамлекет башчылары, ошондой эле Уюмдун байкоочу өлкөлөрүнүн делегация башчылары катышат", – деп билдирди Азымбакиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан