Бүгүн, 1-ноябрда Ашхабад шаарында "Борбордук Азия - Корея Республикасы" 16-Форумга катышуу алкагында Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Кулубаев Түркмөнстандын башчысы менен кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын ар түрдүү тармактардагы аракеттенүүнүн негизги маселелерин талкуулады.
Жолугушуунун жүрүшүндө түркмөн лидери соода-экономика, инвестиция жана маданий-гуманитардык чөйрөдө эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүнө жеке колдоосун көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.