Бүгүн, 2-нояьрда Бишкектеги Ак Босого конушунда ичүүчү суу бообойт. Бул тууралуу "Бишкексууканал" ишканасынан билдиришти.
Белгиленгендей, суу саат 10:00дөн 17:00гө чейин токтотулат.
Мындай чара Ак Босого-1, Ак Босого-2 суу сактагычтарында жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу.
«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.