Бала бакчаларда балдардын тамагына акчаны ата-энелерди төлөөгө милдеттендирген мыйзам кайра жокко чыгарылат

Бала бакчаларды ысык тамак менен камсыздоону кайрадан мамлекетке жүктөө боюнча мыйзам долбоору иштелип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга кайрадан өзгөртүү киргизилип, балдардын тамагына ата-энелерден акча алуу нормасы жокко чыгарылат.

Эске салсак, кечээ өлкөдө мындан ары мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде балдардын тамагына акчаны ата-энелер гана төлөй турганы маалым болгон.

Финансы министрлиги бул маалыматты ырастап, үстүбүздөгү жылдын 11-августундагы “Билим берүү жөнүндө” мыйзамдын жаңы редакциясына ылайык, “Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат” деп жазылганын белгилеген.

Бирок Каржы министрлиги мектепке чейинки мекемелердеги балдарды тамактандырууга мамлекеттен каражат бөлүү кайсы айдан баштап токтой турганын так айткан эмес. Учурда балдардын тамагы 50/50 менен, жарымы ата-эненин, жарымы жергиликтүү бийликтин эсебинен каржыланып келет.

SUPER.KG порталы бул маселе боюнча Финансы министрлиги менен Билим берүү жана илим министрлигине кайрылып, жооп ала алган эмес.

Ал арада "мектептерде да окуучуларга ысык тамак берүүнү ата-энелер камсыздайт" деген такталбаган маалымат тарап кеткен. Бул маалымат чындыкка дал келбейт.

Жогорку Кеңеш 02.11.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан