Кечээ, 1-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү (Кылмыш-жаза кодексине, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине)” мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды.
Зордуктоого кабылгандардын укугун коргоого багытталган мыйзам долбоорун Эльвира Сурабалдиева баштаган 33 депутат демилгелеген.
Мыйзам долбоору жыныстык кол тийбестикке жана жыныстык эркиндикке болгон укуктарды камсыз кылуу, ошондой эле өмүргө жана ден соолукка кылмыштуу кол салуулардан коргоо максатында иштелип чыккан.
Ага ылайык, “Зордуктоо” жана “Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер” беренелеринде каралган кылмыш боюнча ишти тараптардын жарашуусунун негизинде кыскартуу мүмкүнчүлүгү толук алынып жатат. Мурда аталган беренелердин 1-бөлүгү боюнча козголгон иштер кыскартылчу.
Ушул эле беренелер боюнча кылмыш ишин козгоону мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу токтотуу, шектүүнү күрөөгө бошотуу деген нормалар да алынып жатат.
Мындан тышкары, адамдын жыныстык кол тийбестигине жана эркиндигине каршы кылмыш үчүн соттолгондорго пробациялык көзөмөл мүмкүнчүлүгү берилбейт. Пробация “16 жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер” жана “Ыплас аракеттер” деген беренелерде каралган кылмыштар боюнча да колдонулбайт.