АКШда экинчи жолу чочконун жүрөгү трансплантация болгон адам каза болду

АКШда экинчи ирет чочконун жүрөгү трансплантация болгон адам каза тапты. Бул тууралуу Мэриленд университетинин басма сөз кызматы жазып чыкты.

Маалым болгондой, мындан 6 жума мурун 58 жаштагы Лоуренс Фосеттке чочконун жүрөгү трансплантация болгон.

"Терең кайгыруу менен биз дүйнөдөгү экинчи жолу чочко жүрөгүн трансплантациялоодон кийин жүрөк оорусу менен ооруган Лоуренс Фосетттин каза тапканын жарыялайбыз. Фосеттке 20-сентябрда операция жасалып, ал дээрлик алты жума жашай алган",- деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Фосетт жүрөк-кан тамыр ооруларынан улам адамдын жүрөгүн донордукка алууга жараксыз деп табылган. Ал эми сентябрда АКШнын Мэриленд университетинин медициналык борборунун хирургдары генетикалык жактан өзгөртүлгөн чочконун жүрөгүн адамга трансплантациялоо боюнча дүйнөдө экинчи жолу операция жасашып, ал ийгиликтүү өткөн.

Университет трансплантацияланган жүрөк операциядан кийинки биринчи айда абдан жакшы иштегенин белгилеген. Бейтап физикалык терапиядан өтүп, кайра басууну үйрөнүүгө аракет кылып жаткан. Кийинчерээк дарыгерлер Фосеттте анын трансплантацияланган жүрөгүнүн четке кагуу белгилери байкалып, өлүмгө алып келгенин аныкташкан.

Буга чейин былтыр дагы ушундай түрдөгү операция 57 жаштагы Дэвид Беннеттке жасалган. Бирок бейтап эки айдан кийин эле каза болгон. Дарыгерлердин айтымында, анын өлүмүнө көп факторлор, анын ичинде бейтаптын ден соолугунун начар болушу себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sfsukmgazgif
2023-11-02 22:18:00
Бул бардык Виаградан жакшыраак. Мен баарына өмүрүндө жок дегенде бир жолу сынап көрүүнү сунуштайм - бул сиздин жыныстык жашооңузду бир топ жакшыртат, өзүңүз окуңуз ----->> https://mub.me/etrax
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан