Садыр Жапаровдун борту Астанадагы аэропортко конду (фото)

Бүгүн, 2-ноябрда президент Садыр Жапаров иш сапары менен Казакстандын Астана шаарына барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчынын борту "Нурсултан Назарбаев" эл аралык аэропортуна конду. Президентти Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов тосуп алды.

Эскерте кетсек, сапардын алкагында мамлекет башчысы 3-ноябрда өтө турган Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкө башчыларынын кезектеги онунчу Саммитинин ишине катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан