Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев ишемби күнү жарандарды жеке кабыл алат. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, жарандар саат 10:00дөн 14:00гө чейин жазылуу жолу менен калаа башчысынын кабыл алуусунда боло алышат.
Мэрдин жеке кабыл алуусуна жазылууну каалагандар Чүй проспектиси №166 дарегине (коомдук кабылдама) кайрылса болот.
Жазылуу үчүн паспорт жана башка документтер керектелет. Сурап билүү жана кошумча маалымат: (312) 61-07-05.