Бир килограмм алуу үчүн 200 миң гүл керектелет. Шафран тууралуу эмнелер белгилүү?

Жакында гана Айыл-чарба министрлиги өлкө аймагында шафран өсүмдүгүн өстүрүүнү жайылтуу боюнча мамлекеттик программа даярдалып жатканын билдирди. Министрлик аталган программа кабыл алынса, фермерлерге шафранды туура өстүрүү боюнча окутуулар жүргүзүлөрүн айтты. Килограммы 2 миң еврого бааланган бул өсүмдүктүн кандай пайдасы, түрлөрү бар жана аны кантип өстүрүү керектиги боюнча төмөндө сөз кылабыз.

Шафран (Crocus sativus) - күзүндө гүлдөөчү крокус тукумундагы өсүмдүк түрү. Бул өсүмдүк ысык жана күнөстүү климатта өсөт. Бүгүнкү күндө шафранды Испания, Португалия, Греция, Пакистан, Ирак, Иран жана Индия өстүрөт.
Шафран ачуу даамы, күчтүү жана өзгөчө жыты, ачуу заты (пикрокросин) жана кызыл түс берүүчү заттары (кроцин) менен көптөгөн артыкчылыктарга ээ.

Шафран гүлү жөнүндө байыркы египеттик жана ассириялык дарыгерлердин эмгектеринде айтылат. Шафран грек тилинен "крокус" - жип же була, ал эми араб тилининен "zepheran", башкача айтканда, "сары" дегенди түшүндүрөт.

Кытайдын Синьхуа агенттигинин маалыматына караганда, Австралияда жүргүзүлгөн бир изилдөөдө шафрандын фармацевтикалык антидепрессанттар менен колдонуу депрессияны дарылай турганы аныкталган.

Шафран кантип өстүрүлөт?
Шафранды отургузуу жана өстүрүү үчүн ал отургузулган жердин нымдуулугу жогору болушу керек. Ошондой эле бул өсүмдүктү шагылдуу катуу топурактарга отургузуу сунушталбайт. Шафран кальций туздары жана орточо асылдуулугу бар кыртыштарда да өсө алат, бирок бул жерлерде түшүм бир кыйла төмөн болот.

Шафранды өндүрүүдө пияз сымал үрөнү тигиле турган жер 2-3 жолудан кем эмес айдалып себүүгө даярдалат жана август айында эгилет. Үрөн биринчи отургузулгандан кийин экинчи жана үчүнчү жылдары да жер астында уруктары көбөйө берет. Отургузулгандан кийин үрөндүн үстүнө жер семирткич чачылып топурак менен көмүлөт. Шафранды өскөн сайын зыяндуу отоо чөптөрдөн коргоо үчүн топуракты бат-баттан жумшартып отоп туруу керек.
Шафран гүлүн жыйноо болсо таң эрте аткарылат. Гүлдөр ачыла электе кол менен терилет. Топтолгон гүлдөр табигый жарык тийген, жабык чөйрөдө жана бөлмө температурасында таза кездемеге жайылып кургатылат. Шафран кургатылгандан кийин көпкө сакталышы үчүн айнек идиштерге салынат. Ошондой эле даамын жана жытын буза турган нымдуу чөйрөдөн алыс, күн түз тийбеген, жарым көлөкө жерлерде сакталышы керек.
Шафранды эмнеде колдонууга болот?
Араб, Орто Азия, Европа, Индия, Иран жана Марокко ашканаларында кеңири колдонулган шафран тамактарга сары түс берет. Ошондой эле кондитердик азыктарда да көп кездешет. Күрүч, жашылча, эт, деңиз азыктары жана нан азыктарына көбүнчө 1 чай кашыктан ашпаган шафран кошуу сунушталат.
Шафранды тамак-аштан сырткары косметологияда да колдонууга болот. Андан жашартуучу жана бырыштар менен күрөшүүчү ар кандай бет майлар, скрабдар жасалат. Шафрандан жасалган маскалар терини жумшартат, нымдап, азыктандырат, бырыштарды кетирүүгө жана ийкемдүүлүктү жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет.
Ошондой эле шафран элдик медицинада да колдонулат. Ал:

- Шафран калийге бай, ал кан басымын дени сак деңгээлде кармап турууга жардам берет.

- Антиоксидант касиети менен дем алуу органдарынын ооруларына жакшы.

-Депрессия, тынчсыздануу, эс тутумдун начарлашы жана неврологиялык оорулардан коргоону камсыздайт.

С витаминине, магнийге, темирге бай шафран кандагы кантты да жөнгө салат, шишиктердин өсүшүн азайтат.

Көрүүнүн курчтугун жогорулатат жана жаш куракка байланыштуу көрүү сапаты төмөндөп кеткен адамдарда катарактанын пайда болушунун алдын алат. Ошондой эле бронхиалдык астма симптомдорун жана сезгенүүнү басаңдатат.

Дегени менен шафрандын каршы көрсөткүчтөрү бар болгондуктан, аны өз алдынча колдонууга болбойт жана колдонуудан мурун адиске кайрылуу керек.


Шафрандын баасы

Шафрандын баасы анын түрлөрүнө жараша аныкталат. Мисалы, испан шафранынын килограммы 15-20 миң долларды түзөт. Кашмир шафранынын орточо баасы 2000-5000 долларга жетсе, Иран шафранынын килограммы болжол менен 400-500 доллар турат.

Шафрандын баасынын мындай кымбат болушу аны чогултуунун жана кайра иштетүүнүн эмгекти көп талап кылган процесси менен түшүндүрүлөт. Бир шафранда үч стигма болот, ал эми андан бир килограмм татымал алуу үчүн 200 миң гүл керектелет. Стигмалар гүл жаңы ачыла баштаганда, таң эрте кол менен чогултулат. Ачылган гүлдө эмес, бүчүрдө стигмалар баалуу сапаттарын жоготпойт. Бардык чогултуу жана кургатуу процесси бир күндө ишке ашат. Эгерде чогултулган стигмалар ошол күнү кургатылбаса, алар касиетин жоготот.

Адистердин айтымында, бир гектардан он килограммга жакын түшүм алууга болот.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан