Дагы бир өлкө Израиль менен болгон дипломатиялык мамилесин үздү

Бахрейн бийлиги Газа тилкесиндеги аракеттерине байланыштуу Израилдеги элчисин чакыртып алуу жана аталган өлкө менен экономикалык мамилелерди токтотуу чечимин кабыл алды. Мындай маалымат бүгүн, 2-ноябрда Падышалыктын Жогорку Кеңешинин сайтында маалымдалды.

"Депутаттар палатасы Бахрейндин Израилдеги элчисин өлкөгө кайтаруу чечимин кабыл алды. Израиль менен экономикалык алака да токтотулду", - деп жазылат билдирүүдө.

Бул чечим Бахрейндин боордош Палестина элинин мыйзамдуу укуктарын колдоодогу күчтүү тарыхый позициясынын ырастоосу экени белгиленген.

Буга чейин Боливия Газа тилкесиндеги аракеттерине байланыштуу Израиль менен дипломатиялык мамилесин үзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан