Коңшу Казакстандын Усть-Каменогорск обулусунда балдары ата-энесине күтүүсүз той уюштуруп, көпчүлүктү суктандырды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазды.
Маалым болгондой, балдары атасы Даутбектин пенсия жашына чыккандыгын жана апасы Светлана экөөнүн бирге жашап жатканына 41 жыл толгонун белгилеп күтүүсүз кечээ уюштурушкан. Жагымдуу жагдайга туш болгон ата-эне көздөрүнө жаш алышкан.
Кызы Меруерттин айтымында, бул кечени уюштууру үчүн чоң жоопкерчилик менен узак убакыт боюу кылдат даярданышкан.
Аталган видеоролик социалдык тармакта 12 миллионго жакын көрүүнү чогултуп, 500гө жакын пикир калтырылган.