Талас районуна караштуу Арал айылындагы К.Нанаев атындагы 450 орундуу мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу мамлекеттик курулуш ишканасынан билдиришти.
Маалымдалгандай, билим уясынын курулушу республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлгөн.
Жаңы билим уясы 450 орунга ылайыкташкан. Негизги класстык кабинеттерден сырткары тил кабинеттери, өнөр каналары, химия жана биология класстары бар.
Бүгүнкү күндө имараттагы бардык курулуш-монтаждоо иштери план боюнча аяктады.