Астанада ТМУнун кезектеги саммитинин жыйынтыгы боюнча 10 документке кол коюлду (тизме)

Бүгүн, 3-ноябрда Астана шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммитинин кезектеги онунчу жыйынынын жыйынтыгы боюнча 10 документке кол коюлду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Уюмга мүчө болгон - Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркия, Өзбекстан мамлекеттеринин башчылары төмөнкү документтерге кол коюшту:

1. ТМУнун онунчу саммитинин декларациясы;
2. Астана актысы;
3. «Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени» менен Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевди сыйлоо жөнүндө чечими;
4. 6-февралды “ТМУнун алкагында табигый кырсыктардын курмандыктарын эскерүү жана тилектештик күнү” деп жарыялоо жөнүндө чечими;
5. “Түрк дүйнөсүнүн финансы борборлору” жөнүндө чечими;
6. Түрк кызматташтык уюмдарынын желектерин шайкеш келтирүү жөнүндө чечими
7. Экономикалык кызматташтык уюмуна (ЭКУ) Түрк мамлекеттер уюмундагы байкоочу статусун берүү жөнүндө чечими;
8. ТМУнун Башкы катчысынын орун басарын, Түрк маданияты жана мурасы фондунун Президентин дайындоо жөнүндө чечими;
9. Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин тиешелүү мекемелеринин метрология жаатындагы кызматташуу протоколу;
10. ТМУнун 2023-2027-жылдарга транспорттук байланыш программасын ишке ашыруу боюнча биргелешкен иш-аракеттер планы (Жол картасы).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан