Билим берүү жана илим министрлиги Ала-Бука районундагы мектептердин биринде мугалим тапшырма аткарбаган окуучулардын колуна ийне сайган деген маалымат боюнча түшүндүрмө берди.
Маалыматка ылайык, окуя 24-октябрда болгон.
"Ала-Бука районунун Ак-Коргон айылындагы Ч.Айтматов атындагы №40 жалпы орто билим берүү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими тапшырма аткарбагандыгы үчүн 5-класстын окуучуларынын колуна ийне сайган. Бул окуя ушул жылдын 24-октябрында болгон.
Учурда бул боюнча Ички иштер министрлигине билдирилип, териштирүү иштери башталды", - деп айтылат маалыматта.