Шайлообек Атазов Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасады

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов ага 2 күндөн бери каралоо абдан катуу жүрүп жатканын социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Буга чейин интернетте ага жана "Женгого" таандык делген аудио тараган.

"Эки күндөн бери мага болгон каралоо абдан катуу жүрүп жатат. Бул дагы сыноо деп кабыл алдым. Кудай буюрса, баары жакшы болсун деп жума намазда ак ниет менен дуба кылып коюнуздар.
“Азаттык” сайты жазып чыккан боюнча жооп берип коёюн: Бир нече күндөн бери, эки жыл алдын болгон Свердлов району боюнча шайлоо учурунда мага тарапташ болгон адамдарды ИВСке алып кирип 3, 4 сааттан кармап кыйноого алып жатышат. Мага айткан маалымат боюнча шайлоо учурунда Матраимов акча берген деп жазгыла деп жатышыптыр. Ата-энелери ыйлап келишти.
Алар эмне болушту кабар жок болууда. Кеңеш байке, Урмат жана башка.
Шайлоо боюнча төмөнгүчө:
Мен кантип депутат болдум?
1. Эң биринчи, Кудайдын колдоосу болду, тагдырыма депутат болот деп жазылган экен. Аллахка шүгүр.
2. Мен карапайым элге, досторума, спортчуларга, жаштарга, массалык маалымат каражаттарына ыраазымын. Алар жапырт колдошту.
3. Журт башында турган Президентибиз адилетүү шайлоо өткөрүү буйругун чыгарып, аны Генерал Камчыбек Кыдыршаевич жана ИИМ, прокуратура органдары көзөмөлдөп беришти. Бул чындык. Ыраазычылык билдирем.
4. Өлкөбүздүн баардык облустарынан жакшы ниет тилек билдиришип, биздин Свердлов райондогу туугандарына кабарлашып турушту. Ата-энелер, таква адамдар ыйлап дуба кылып жатышты. Штабта кечке чейин адам үзүлбөй иштешти. Баарына ыраазымын.
Ал эми финансы маселеси боюнча, көп достордон карыз алдым. Үгүт иштерди жүргүзүү учурунда 74 жерде жолугушуу өткөрдүк. Программаларды ар бир үйлоргө жеткирүүгө аракет кылдык. Кыйынчылык көп болду. Кудайга жалындык жана элге таяндык. Алтынчы созывда элдин маселелерин тынбай көтөрүп, чечип бир аз иштеп калдым эле, бул да мага кошумча жардам болду.
Ал эми, Матраимов Райымбек Исмаилович боюнча айтсам. Ал киши спорттун көп түрүнө жардам берип келген. Мени спортчу катары сыйлап жүрдү. Акыркы учурда тренер катары жардам берди. Мелдештерге бокс боюнча спортчуларды жөнөттү. Мамлекет тараптан жетишбей калган маселелер бар даары- дармеги, жаракат алуу, жол кире, кийими баарын колдоп берчүү. Таиланд, Монголия, Беларуссия, Йардания, Орусия жана башка өлкөлөргө барып өлкөбүздүн желегин көтөрүп келдик.. Бирок, бизнесте байланыштыгым болбоду. Мен кыргыз спортун өнүгүүсү үчүн 24 жыл өмүрүмдү арнадым. Бокс боюнча спорт чебери, кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону болдум. Өлкөмдүн желеги желбиреши үчүн бар күчүмдү жумшадым. Тренер болуп иштедим. Ондогон спорт чеберлерин, миндеген патриот жаштарды тарбияладым. 2008-жылы КР Спорттунун отличниги болдум. Жакында эле президентибиз Садыр Нургожоевич тарабынан “КР дене тарбия жана спортуна эмгек сиңирген ишмери” ардактуу наамын алып сүйүнүп жатам. Жогорку Кенешке келгенден бери негизинен спорт жана маселелерин көтөрүп, чечүү үчүн жазып келем. Эмгекти эл өзү баа берет эми. Окуучуларымдын ийгиликке жетүүсү үчүн кандай гана инсандарга барып жардам сурадым. Убагында Жыргал Саматов, Мелис Мырзакматов, Мамасадык Бакиров жана башка көптөгөн адамдар жардам беришти. Спорт үчүн ким жардам берсе мен аны рахмат деп айтам. Саясатта өз жолум бар.
Негизи эле Райымбек Исмаилович бир күн өзү тизмелеп, кайсы чиновнике, депутатка, спортчуга жардам берип жүргөнүн айтып койсо жакшы болмок.
Мага болуп жаткан каралоолор дагы бир группасы жакында профсоюз ишмердүүлүгүн текшерген депутаттык комиссияга төрага болуп 1 жыл иштедим кийин көптөгөн адамдардын куйругун тепбелеп алдык эле. Балким бул да чоң бир себеп болуп жатат деп ойлойм. Бирок, булар баары мамлекет үчүн, эл үчүн болчу.
Урматтуу Садыр Нургожоевич!
Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич!
Болуп жаткан окуяларды сиздерге жеткирген топтор бурмалап жатат деп билем. Адилетүүлүк, чындык деп жүрүп журт башына келдиңиздер. Учурда болуп жаткан каралоо боюнча адилетүү карап бериңиздер.
Мен да сиздердей болсом деп ар дайым элим, жерим, чындык деп кээ бир министрлерге бетке айтып жаман көрүнүп жүрөм. Эки жылда көптөгөн иштерди жасадым. Ийгиликтериме негизинен Сиздердин колдооңуздар бар. Сиздерге кирип чындыкты айтууга уруксат берсеңиздер?? ИВС ке кирген балдардын ата-энелери жүрөгү ооруп жатат. Мен үчүн бирөөлөрдүн кыйналышы өкүнүчтүү болууда. Мени кабыл алган соң , дагы эле чындык болбосо баарын тагдырдан деп билем.
Чындык, адилетүүлүк орногон өлкө куруу баарыбыздын тилегибиз.
Өлкөбүздү кудай өзү колдосун", - деп жазды Атазов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан