Эрдоган Токаевге түркиялык TOGG электромобилин белек кылды (фото)

Тркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Астана шаарында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге Түркияда өндүрүлгөн TOGG электромобилин белек кылды. Бул тууралуу Казакстан президентинин басма сөз кызматы кабарлады.

“Касым-Жомарт Токаев борбор калаанын аэропортунда Түрк мамлекеттер уюмунун онунчу саммитине катышкан Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жылуу коштошту. Режеп Тайып Эрдоган урмат көрсөтүү иретинде мамлекет башчыбызга Түркияда чыгарылган TOGG электромобилин белек кылды. Түркиянын лидери Касым-Жомарт Токаевге жеке өзү жаңы электромобилди көрсөттү", - деп айтылат билдирүүдө.

Өз кезегинде Казакстандын президенти ыраазычылык билдирип, кесиптешин электромобилдердин сериялык өндүрүшүнүн ийгиликтүү башталышы менен куттуктаганы белгиленген.

Эрдоган ушул эле үлгүдөгү электромобилди апрель айында Азербайжандын президенти Ильхам Алиевге дагы белек кылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан