"Мас абалында унаа айдаган". Адахан Мадумаровдун уулу айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылды

Жогорку Кеңештин камактагы депутаты, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун уулу айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылды. Ал мас абалында унаа айдаганы үчүн сот тарабынан ушундай чечим кабыл алынган.

Маалымдалгандай, Аламүдүн райондук соту 31 жаштагы Мадумаров Нурмухаммед Адахановичди бир жылдык мөөнөткө транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратты.

Ал Кылмыш-жаза кодексинин "Айдоочунун транспорт каражатын алкоголдук, баңги каражаттарын, психотроптук жана башка мас кылуучу заттарды мас абалында башкаруусу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан