Израилдин Коргоо күчтөрү (IDF) Газа шаарына жакынкы 48 сааттын ичинде аскердик операциясын баштоону пландоодо. Бул тууралуу Израилдин Haaretz басылмасы билдирди.
Маалыматта Газадагы операциянын негизги максаты ХАМАСтын согушкерлерин, ошондой эле бул уюмдун туннелдерин, аскерий жана жарандык объектилерин жок кылуу деп белгиленген . Израил армиясы Газа тилкесинин түндүгүнөн тереңдеп баратканын билдирди.
Согуш башталганга чейин Газа тилкесинде эки миллиондон ашык адам жашаган. Учурда алардын 1,5 миллионго жакыны жер которууга аргасыз болду.
Ал арада Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) ири агенттиктеринин башчылары жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) биргелешкен кайрылуу жасап, Газа тилкесиндеги ок атышууну чукул токтотууга чакырды.
Израил чабуулунан курман болгон палестиналыктардын саны 9 770тен ашты. Алардын 4 миңин жаш балдар түзөт.