Алай районунун Үч-Төбө айылында 18 жаштагы тургун бычактан алган жараатынан улам каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош облустук милициясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 3-ноябрь күнү кечинде 1992-жылы туулган А.у.А. аттуу тургун 1994-жылы туулган С.у.Ч. аттуу айылдашы менен уруша кетип, башын жара чапкан.
С.у. Ч.нын 2005-жылы туулган иниси С. у. Ж. бул тууралуу билип калып, агасын токмоктогон кишиге барган. Бирок А. у. А. үйүнөн бычак ала чыгып, аны бычактап салган. Андан соң унаасы менен качып кеткен. С. у. Ж. алган жараатынан улам каза тапкан.
Учурда шектүү кармалып, унаасы айып короого киргизилди.
Ал эми маркумдун агасы ооруканада экени кошумчаланды.
Шектүүнүн унаасы