Бишкекте мечиттердин биринде ири суммадагы акча уурдалды (видео)

Бишкекте мечиттердин биринде 340 миң сом уурдалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жабырлануучу билдирди.

Анын айтымында, окуя 30-сентябрда саат 19:00 чамасында Аламүдүн базарындагы мечитте Шам намазы учурунда орун алган.

"Сумканы кире бериштеги текчеге коюп, төр жакка өтүп кеткем. Намаз окуп келип эле таппай калдым. Ичинде паспорт, банктык эсеп карталарым жана 340 миң сом акча бар болчу. Эки жыл чогулткан акчам болчу, унаа сатып алганы баратып, намаз маалы кирип калгандыктан мечитке киргем", - дейт ал.

Жабырлануучу ошол замат милицияга кайрылган. Окуя болгон жерге Свердлов РИИБинин ыкчам кызматкерлери келип, видео көзөмөлгө тартылган материалдарды алып кетишкен.

Ал бир айдан ашуун убакыт өтсө да кылмышкер табылбай жатканын, милиция кызматкерлери шектүүнүн өздүгүн аныкташканын, бирок өзү табылбай жатканын билдиргенин кошумчалады.

Шектүү тууралуу кандайдыр бир маалыматы бар жарандар төмөнкү телефондор аркылуу байланышса болот: 0 (701) 99-99-14, 0 (755) 44-44-77, 0 (312) 43-32-75 же 102.

Бишкекте мечиттердин биринде 340 миң сом уурдалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан