Өлкө аймагында бир жумада 264 мас айдоочу кармалды

Өлкө аймагында 30-октябрдан 5-ноябрга чейинки аралыкта 18 миң 711 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 262;
  • мас абалында рулга отуруу — 264;
  • автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 42;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 922;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 2 781;
  • автоээнбаштык — 4;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу — 3 955;
  • жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу — 3;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 733;


Ал эми ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 541 автоунаа айып короосуна киргизилген.

ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан