7-октябрдан бери ондогон гуманитардык кызматкерлер, анын ичинде БАПОРдун 88 кызматкери набыт болду. Бул Бириккен Улуттар Уюмунун бир жаңжалда каза болгондордун эң жогорку саны деп билдирди БУУнун мекемелер аралык туруктуу комитети.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Газада 9,5 миңге жакын адам, анын ичинде 3 миң 900 бала жана 2 миң 400дөн ашуун аял каза болгон. 23 миңден ашык жарадарлар ооруканаларда дарыланууда.
Ошондой эле 2 миллион 200 миң палестиналыктар тамак-аш, суу, дары-дармек, электр энергиясы жана отунсуз калган.
Мындан тышкары билдирүүдө тез арада гуманитардык ок атышууну токтотуу зарыл экендиги айтылат.