Бишкек абасы эң кир шаарлардын ондугуна кирди. Дүйнөлүк абанын сапаты боюнча дүйнөдөгү ири шаарлардын рейтингинде борбор калаа онунчу орунда турат.
Абанын сапатынын индекси – "сезимтал топтор үчүн ден соолукка зыяндуу" - 118 (AQI).
АКШ элчилигинин аймагында орнотулган станция абанын сапатынын орточо индексин (95) көрсөтөт.
Абанын сапаты индекси (AQI) ден-соолукка коркунучтун жогорулашын көрсөткөн алты категорияга бөлүнөт. 300дөн жогору AQI көрсөткүчү болсо, абанын кооптуу сапатын, ал эми 50дөн төмөн болсо абанын сапаты жакшы экендигин билдирет.
Тизменин сап башында Индиянын борбору Дели шаары турса, андан кийин Пакистандын Лахор шаары орун алган.
Алдыңкы ондукта Өзбекстандын борбору Ташкент шаары да бар. Ал тизмеде 7-катарда турат.
Белгилүү болгондой, соңку жылдары Бишкек абасы кир шаарлардын тизмесинен алдыңкы орундарды эч кимге бербей келет.