SUPER KG порталы бул жолку берүүсүндө Психикалык оорукананын дарыгерлери жана бейтаптар менен маектешти.
Психикалык ооруканадагы бейтаптардын бири дарыгерлер бейтаптарды жакшы дарылай тургандыгын айтты. Мындан тышкары ал адамдар психикалык оорукана дегенде эле жинди болуп калган адамдарды элестете тургандыгын айтып, негизи андай эместигин баса белгиледи. Ошондой эле ал бул ооруканага кантип келип калгандыгын жана эмне себептен дарыланып жүргөндүгү тууралуу айтып берди.
"Бул жакта дарыланып жатканыма бир ай болуп калды. Тез-тез келип дарыланып турам. Түн ичинде уйкум качып, нервтенем. Менин бул жакка келип калганымдын себеби уулум менен бир тууган инимди жоготуп, күйүттүн айынан ушул жакка келип калдым", - деди каарманыбыз.
Ал эми оорукананын директорунун орун басары Кубанычбек Эрмегалиев ооруканада дарыланып жаткан бейтаптардын көпчүлүгү канчалык катуу ооруп жатса да өздөрүн ооруган адам катары сезбей тургандыгын, ошондой эле баш бербеген бейтаптарды кантип дарылай тургандыгы тууралуу айтып берди.
"Биздин ооруканага келген бейтаптар "мен оорубайм, жакшымын" деп, дарыларын ичпей койгон учурлар көп кездешет. Аларга укол сайганга туура келет. Ал эми баш бербеген бейтаптарды эки саатка байлап койгонго мыйзам уруксат берет. Алар тынчтанып калганча эки саатка байлап коёбуз", - деди дарыгер.
Кененирээк төмөнкү ссылка аркылуу кирип көрсөңүз болот.