ЮНИСЕФ Саламаттык сактоо министрлигине медицинага керектелүүчү каражаттарды берди 

ЮНИСЕФ өлкө боюнча медициналык мекемелерге шприц ийнелерин кесүүчү кайчыларды, ийнелер үчүн атайын контейнерлерди, чакаларды жана атайын санитардык баштыктарды өткөрүп берди. Бул тууралуу бүгүн, 7-ноябрда Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, берилген медициналык каражаттардын жалпы наркы 15 миллион сомдон ашат.

"Каражат COVID-19га каршы эмдөөнү илгерилетүү жана вирус менен күрөшүү боюнча Gavi программасынын (CDS) алкагында медициналык калдыктарды башкарууну жакшыртуу үчүн берилди.

Бул каражаттар өлкө боюнча 1735 эмдөө пунктунун арасында бөлүштүрүлүп чыгат: запастар бул мекемелердин муктаждыктарын дээрлик эки жылга жабат деп күтүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан