Биз социалдык тармакта

Айгүл Жапарова мурдагы күйөөсү тарабынан кулак-мурду кесилген келинден кабар алды

Биринчи айым Айгүл Жапарова Сокулуктагы мурдагы күйөөсү тарабынан кулак-мурду кесилген Асел Ногойбаевадан кабар алды. Бул тууралуу ханайымдын социалдык тармактагы баракчасында жарыяланды.

"Бүгүн бир нече убакыт мурун коомчулукту нес кылган, мурдагы күйөөсү тарабынан мыкаачылык менен бычакталып, бети-башы кескиленген Аселден кабар алдым. Коомчулук менен бирге мен дагы мындай окуяларды кескин айыптайм!

Кыздарыбыз кайсы жерде болбосун өздөрүн коопсуз сезиши керек.

Башынан азаптуу күндү өткөргөнүнө карабай Асель кайраттуу, жаркылдаган мыкты мүнөзү бар кыздарыбыздын бири экен.

Белегиң үчүн чоң рахмат! Бардыгы жакшы болот!" деп жазды биринчи айым.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан