Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Германиянын Гамбург шаарына жумушчу сапары менен барды. Бул тууралуу бүгүн, 7-ноябрда өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, жумушчу сапарынын алкагында Акылбек Жапаров Кыргыз-Герман ишкерлер кеңешинин экинчи жыйынына жана "Гамбург шаарындагы Кыргызстандын экономика күнү" бизнес-форумуна катышат. Ошондой эле Гамбург шаарынын Сенатынын президенти, биринчи мэри Петер Ченчер менен жолугушат.
Мындан сырткары, бизнес-форумга Кыргызстан менен Германиянын ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышат. Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча келишимдерге кол коюлат.
Маалымат үчүн: Кыргыз-Герман ишкерлер кеңеши 2022-жылдын март айында түзүлгөн. Ишкерлер кеңешинин төрагалары – кыргыз тараптан министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров жана герман тараптан Кыргызстандын Гамбург шаарындагы ардактуу консулу Карл-Хуго Эрнст Элердинг саналат.
Ишкерлер кеңешинин биринчи отуруму 2022-жылдын 13-июнунда Бишкек шаарында өткөн. Экинчи кеңешме ушул жылдын 8-ноябрында Гамбург шаарында өтөт.