Бары көптөн күткөн футбол боюнча Дүйнө чемпондугу кайда, качан болорун карап көрдүк.
Келе жаткан “Аалам биринчилигин” 2026-жылы АКШ, Канада, Мексика биргелешип кабыл алат. Ал эми 2030-жылы алты өлкөдө өткөрүүлөрү белгилүү болгон. Европадан Испания менен Португалия тандалып алынса Түштүк Америка континентинен Аргентина, Уругвай жана Парагвай утуп чыккан. Жалгыз гана Африка чөлкөмүнөн Марокко өткөрүү мүмкүнчүлүгүн алган. Буга чейин тарыхта бир нече мамлекет биригип “Дүйнө мундиалын” кабыл алган эмес. Алгач ирет орун алганы турат.
2034-жылга жалгыз гана Сауд Арабия өз арызын берген.
Эске салсак, өткөн жылы Катарда болгон “Аалам биринчилигинде” Аргентина курама командасы чемпион аталган.