
Бишкекте психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы кабарлады.
3-ноябрда 102 кызматына белгисиз адам унаада баңги затын сактап жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.
Аталган факт боюнча кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесине (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү 1997-жылы туулган У.Н. аттуу жаран аныкталып, анын Honda Civic үлгүсүндөгү унаасынын текшерүү учурунда ак кагазга оролгон, жалпы салмагы 140 граммды түзгөн кара-күрөң түстөгү, спецификалык жыты бар 9 даана кара куурай (гашиш) заты табылып, алынган.
Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланып жатат жана бардык керектүү экспертизалар дайындалды.