"Эмарк Групп" курулуш компаниясынын директору Чолпонбек Акматовдун камактагы мөөнөтү узартылды.
Маалыматка ылайык, сот анын баш коргоо чарасын өзгөртүүсүз калтырган. Ал 2024-жылдын 4-январына чейин Жазаларды аткаруу кызматынын 21-мекемесинде (СИЗО-1) камакта болот.
Чолпонбек Акматов Бишкектин Октябрь райондук сотунун 12-октябрдагы чечими менен 4-ноябрга чейин камакка алынганын 13-октябрда Жогорку соттун маалымат кызматынан билдиришкен.
Ал Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгү (Кылмыштуу кирешелерди адалдоо) боюнча шектелүүдө.