Таласта айылдагы дарыкана, дүкөндөрдү тоноого шектүү кармалды

Таласта уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-ноябрда Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 24-октябрда Талас РИИБине Көпүрө-Базар айылынын 3 тургуну арыз менен кайрылган.

Алар 23-октябрга караган түнү белгисиз адамдар айылдагы “Көпүрө-Базар”, “Балкынбек-Ата” дүкөндөрүнүн жана “Неман” дарыканасынын эшигинин кулпуларын талкалап, акча, Редми 9 үлгүсүндөгү уюлдук телефон жана медициналык каражаттарды уурдап кетишкендерин билдирген.

Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (Уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иштеринин алкагында Талас районунун тургуну 1993-жылы туулган Ы.Н. уулу шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан