Өлкө башчы Садыр Жапаровдун 8-9-ноябрда Өзбекстанга болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин басма өз кызматынан билдирди.
Сапардын алкагында мамлекет башчысы Ташкент шаарында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Өлкө лидерлери кыргыз-өзбек эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттарын, атап айтканда, достук мамилелерин, стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо, Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы көп пландуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Иш сапардын экинчи күнүндө Садыр Жапаров Экономикалык Кызматташтык Уюмуна (ЭКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги 16-саммитине катышты.