Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Райма Абдубачаева 75 жашында каза болду. Мындай маалымат Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрынын расмий баракчасында жазылды.
Райма Абдубачаева СССР эл артисти, даңазалуу Даркүл Күйүкова менен кино жана театр актёру Исмаилбек Абдубачаевдин кызы эле. 1970-жылы Москвадагы МХАТтын студиясын аяктап Ош мамлекеттик театрынын түптөгөн таланттуу актёрлордун бири болгон. 1985-жылдан дээрлик 2020-жылга чейин Т. Абдумомунов атындагы мамлекеттик академиялык драма театрында эмгектенип келген.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Райма Абдубачаеванын көзү өткөндүгүнө байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.