Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-ноябрда иш сапары менен Сауд Арабия падышалыгына келди. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Мамлекет башчысынын борту Эр-Рияд шаарынын эл аралык аэропортуна конду. Садыр Жапаровду ханзаада, Эр-Рияддын Губернаторунун орун басары Мохаммед бин Абдуррахман бин Абдель Азиз тосуп алды.
Эскерте кетсек, иш сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө-мамлекеттердин кезексиз Ислам саммитине катышат, анын жүрүшүндө Палестина-Израиль жаңжалын талкуулоо пландаштырылууда.