Израиль армиясы Сирияга сокку урганын жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, сокку Израилдин аба күчтөрүнүн учактары тарабынан жасалган жана буга ишемби күнү Сириядан Голан дөңсөөлөрүн көздөй жасалган чабуул себеп болгон.
"Израиль армиясынын учактары ишемби күнү Голан дөңсөөлөрүндөгү чабуулга жооп иретинде Сириядагы террордук инфраструктурага чабуул жасады", - деп айтылат Израил армиясынын билдирүүсүндө.
Буга чейин Эр-Риядда өткөн араб-ислам саммитинин катышуучулары билдирүү жарыялашкан, ага ылайык ислам өлкөлөрү менен Израилдин ортосунда тынчтык орнотуунун шарты анын бардык палестиналык жана араб жерлерин оккупациялоосун токтотуу болуп саналат. Израилге коюлган дагы бир шарт: Палестина мамлекетинин 1967-жылдын 4-июнундагы борбор шаары Чыгыш Иерусалим болгон чек араларында толук эгемендик менен көз карандысыздыгынын ишке ашырылышы жана Палестина элинин талашсыз укуктарын ишке ашыруу.
Бул саммитке өлкө башчы Садыр Жапаров дагы катышкан.