Эр-Риядда өткөн араб-ислам саммитинин чечимине ылайык, араб өлкөлөрү Палестинанын жана арабдардын бардык жерлерин оккупациялоону токтотуунун жана Израиль менен тынчтык орнотуунун шарты деп атады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Кечээ, 11-ноябрда Сауд Арабияда Газа тилкесиндеги курч кырдаалды талкуулоо үчүн араб жана мусулман лидерлери менен биргелешкен кезексиз саммит өттү.
"Израиль менен тынчтыкты жана нормалдуу мамилелерди орнотуу үчүн бул өлкө палестиналык жана араб жерлерин оккупациялоосун токтотуусу керек. Ошондой эле 1967-жылдын 4-июнундагы чек араларда толук суверенитет менен Палестина мамлекетинин көз карандысыздыгын ишке ашыруу болуп саналат", - деп айтылат саммиттин жыйынтыгы боюнча документте.
Саммиттин катышуучулары Газа тилкесинин Батыш жээктен бөлүнүшүнө да каршы чыгышып, бул аймактарды Чыгыш Иерусалим менен бирге эгемендүү Палестина мамлекетине кошуу зарылдыгын баса белгилешти.