Токаев Болат Назарбаевди акыркы сапарга узатууга катышпайт. Ал Назарбаевге көңүл айтты

Коңшу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Нурсултан Назарбаевге көңүл айтты. Бул тууралуу Токаевдин басма сөз катчысы Берик Уали билдирди.

"Мамлекет башчы биринчи президент Нурсултан Назарбаевге анын бир тууганы Болат Назарбаевдин каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты", - деген Берик Уали.

Ал ошондой эле Касым-Жомарт Токаев Болат Назарбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышпай турганын кошумчалады.

Болат Назарбаев 70 жашында бүгүн, 13-ноябрда Алматыда каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан