"Бул өлүшү керек...". Жалал-Абадда кылмыштуу топтун өкүлүн көчөдө жылаңачтап алып сабагандар кармалды 

Жалал-Абадда мейманкананын алдындагы ызы-чууга байланыштуу төрт жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда SUPER.KG порталына облустук милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаардык милициясына 10-ноябрга караган түнү саат 03:40 чамасында калаадагы мейманканалардын биринин алдында топ балдар мушташып жаткандыгы боюнча маалымат келип түшкөн.

Жалал-Абад ШИИБдин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып кароо жүргүзүп, далил буюмдар алынып, тергөө-ыкчам иштери жүргүзүлө баштаган.

Топтолгон материалдар кылмыштардын бирдиктүү реестрине 3 факты болуп, Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен катталып, кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

"Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары Жалал-Абад шаарынын тургундары 2002-жылы туулган И.С., Т.Э., 2003-жылы туулган З.Р. жана 2004-жылы туулган К.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Дайындалган соттук-медициналык экспертизанын корутундусу менен айыбын угузуу беренеси өзгөрөт. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда "Жалал-Абаддагы разборка" деген видео тараган. Анда аёосуз сабалган, бети-башы канга боёлгон киши энеден туума жылаңач абалда көчөдө онтоп жатканын көрүүгө болот. Аны тегеректеп видеого тартып тургандардын бири "Бул өлүшү керек" деп айтканы бар.

Видеону бөлүшкөндөр мушташ уюшкан кылмыштуу топтордун арасында таасир талашуудан улам келип чыкканын, сабалган жаран учурда оор абалда ооруканада экенин жазышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан