Коңшу Казакстандын Алматы облусунун Карасай районундагы Шамалган айылында Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин иниси Болат Назарбаев акыркы сапарга узатылды. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына мурдагы мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаев өзү катышууда. Ошондой эле акыркы сапарга узатууга Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов да келди.
Полиция кызматкерлери үйдү курчоого алышкан.
Болат Назарбаевдин сөөгү унаага жүктөлүп, жакын жердеги көрүстөнгө жеткирилди.
Болат Назарбаев 70 жашында кечээ, 13-ноябрда Алматыда каза болгон.